• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Чек талап кылып, байге утуп ал!”. 1,8 млрд сомдук кассалык чек сканерден өттү

Экономика 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясы расмий башталган учурдан тартып “Салык чек" тиркемеси менен 42 миң 167 адам пайдаланууда.

МСКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, лотереяга катышуу максатында алар тарабынан 1 млрд 840,5 млн сомго 1 млн 900 миң 870 кассалык чек сканерден өткөрүлгөн.

Лотереялык система аркылуу утушка катышуу үчүн колдонуучуларга 1 млн 755 миң 635 электрондук лотереялык билет (ID номер) ыйгарылган.

Лотереяга катышуу үчүн:

– Google play же AppStore аркылуу "Салык чек" мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү;

– товарларды сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда ККМдин гана кассалык чегин талап кылуу;

– мобилдик тиркемеге алынган кассалык чектин QR-кодун сканерден өткөрүү зарыл.

Система сканерден өткөн кассалык чектин топтолгон суммасын утушка катышуу үчүн уникалдуу номерлерге автоматтык түрдө алмаштырат. 1000 сомго 1 уникалдуу ID номер ыйгарылат.

Лотереянын биринчи утушу 1-июлда Ала-Тоо аянтында болот. Биринчи турда бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен 2 автоунаа, 10 iPhone, 10 смартфон, 25 даана ар кандай тиричилик техникасы жана башка баалуу белектер ойнотулат.

Пикир

Оставить комментарий