• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Салык кызматынын маалымат борбору жаңы акысыз 116 номерине өттү

Экономика 0

Бишкек, 03.10.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын Маалымат борбору КР Өкмөтүнүн 16-сентябрындагы токтомуна ылайык, 1240 номеринин ордуна жаңы 116 номерине өттү. Бул тууралуу КР МСКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жаңы номердин маанилүү артыкчылыгы эми Маалымат борборуна чалуу Кыргызтелекомдун абоненттери үчүн гана эмес, мобилдик телефондордон да акысыз болот.

Мурда мобилдик телефондон Маалымат борбордун мурунку номерине чалуу уюлдук операторлордун тарифтик планына ылайык төлөнгөн. Мобилдик телефон аркылуу салыктык консультация алууну каалаган көпчүлүк жарандарга мындай акы төлөнүүчү кызмат кыйынчылыктарды жараткан. Мындан ары жарандар салык салуу жана салык кызматынын ишмердүүлүгү сыяктуу аларды кызыктырган бардык суроолор боюнча 116 кыска номерине эркин чала алышат.

Эскерте кетсек, Салык кызматынын Маалымат борборунун негизги максаты – салык органынын карамагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин түшүндүрүү, салык кызматынын ишмердиги жөнүндө ар кандай маалыматтарды ыкчам берүү, ошондой эле салык салуу чөйрөсүндөгү маселелер боюнча салык төлөөчүлөрдүн салыктык сабаттуулугун жана маалымдуулугун жогорулатуу боюнча кызмат көрсөтүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий