• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салык кызматынын сайты аркылуу транспорт жана турак жай салыгынын суммасын эсептөөгө болот

Экономика 0

Бишкек, 18.08.20. /Кабар/. Жарандар Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) www.sti.gov.kg сайтындагы электрондук калькуляторду пайдалануу менен транспорт жана кыймылсыз мүлк салыгынын суммасын өз алдынча эсептей алышат. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.

Сайттын башкы баракчасында “Электрондук кызматтар” тиркемесинин ичинде “Электрондук жардамчы жана калькулятор” бөлүгү жайгашкан. Ушул бөлүмдүн ичинде “Кыймылсыз мүлк объектисине эсептөөлөр” жана “Кыймылдуу мүлк салыгын эсептөө” шилтемелери бар.

Керектүү шилтемени ачып, тийиштүү уячаларга кыймылдуу мүлк же кыймылсыз мүлк объекттери боюнча тиешелүү маалыматтарды киргизүү керек, андан кийин “салыкты эсептөө” кнопкасын басуу зарыл. Программа автоматтык түрдө төлөнө турган салыктардын суммасын берет.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-сентябрына чейин транспорт каражаттарына салыкты, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл.

Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдар, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык орнотмолор аркылуу төлөөгө болот.

Кеңири маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий