• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Салык кызматынын төрагасынын орун басары паракорчулукка шектелип кармалды

Коом 0

Бишкек, 03.04.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов кармалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР УКМКНын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кумашов мамлекеттик бюджеттен “Интеррустрейд” ЖЧК жана “Полларис” ЖЧКнын пайдасына мыйзамсыз кайтаргандыгы боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалган. Ал паракорчулукка шектелүүдө.

Учурда шектүү УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Мурда, марттын башында УКМКнын кызматкерлери кылмыш ишинин алкагында жасалма документ жана жалган чет элдик фирмаларды мөөрүн алуу боюнча атайын операция жүргүзүшкөн. Анда кылмыш иши 217 млн сом бюджеттик каражатты уурдоо жана алып чыгуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, МСКнын беш кызматкери кармалган. Учурда алардын бардыгы камакта.

Пикир

Оставить комментарий