• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Салык кызматынын түзүмү иретке салынат

Президент 0

Бишкек, 13.04.18 /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2018-жылдын 1-мартында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты салык кызматынын органдарынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келтирүү жана салык кызматынын органдарынын ишин уюштурууну жакшыртуу. Тактап айтканда, кабыл алынган Мыйзамда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” Мыйзамга салык кызматынын органдарынын кызматкерлеринин ишин баалоону жүргүзүү маселелери боюнча тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилген.

Мындан тышкары, аскердик же атайын наамдары, атайын класстык чиндери, дипломатиялык рангдары бар адамдар мамлекеттик салык кызматы органдарына өткөндө, ишин баалоону жүргүзбөстөн, ошол аскердик же атайын наамга, атайын класстык чинге, дипломатиялык рангга ылайык атайын наам ыйгарылуусу каралган.

Киргизилген өзгөртүүлөр салык кызматынын түзүмүн иретке салат, анткени азыркы учурда мурдагы ведомстволук караштуулуктагы салык органдары жоюлган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий