• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Салык отчеттуулугун электрондук түрдө тапшыргандардын саны көбөйдү – МСК

Экономика 0

Бишкек, 26.05.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасында салык отчеттуулугун электрондук түрдө тапшырган салык төлөөчүлөрдүн саны жыл башына салыштырмалуу 30 миң 186га көбөйүп, ушул жылдын 15-апрелиндеги абал боюнча колдонуучулардын саны 131 миң 571ге жеткен. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан басма сөз кызматы билдирет.

Алардын ичинен кызмат көрсөтүүгө электрондук кол тамганы колдонбостон 127 миң 797 салык төлөөчү, ал эми сервистин оператору аркылуу электрондук кол тамганы колдонуу менен – 3 миң 774 салык төлөөчү кошулган.

Электрондук кол тамганы колдонбостон кызмат көрсөтүү жарандарга www.salyk.kg – МСКнын “Салык төлөөчүнүн кабинети” электрондук сервиси аркылуу электрондук түрдө салык отчёттуулугун акысыз берүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Бул кызмат көрсөтүү салык төлөөчүлөр үчүн өтө ыңгайлуу, себеби, убакытты үнөмдөөгө жана электрондук түрдө отчёттуулукту жиберүүгө, электрондук патент сатып алууга жана МСКнын башка электрондук кызматтарын пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле салык кызматынын сайтына киргендердин саны жылдан-жылга өсүүдө. Эгер үстүбүздөгү жылдын биринчи үч айында сайтка киргендердин саны 3 млн 24 миңди түзсө, 2013-жылдын ичинде 1млнго жакын болуп, 2016-жылы 3,6 млнду, 2017-жылы 4,6 млнду, ал эми 2018-жылы 6,3 млнду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий