• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Салык отчетун берүү үчүн булуттуу электрондук кол тамганы калкты тейлөө борборлорунан акысыз алууга болот (даректери)

Коом 0

Бишкек, 27.11.20 /Кабар/. Юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде жеке ишкерлер салык отчетун электрондук түрдө берүү үчүн булуттуу электрондук кол тамганы калкты тейлөө борборлорунан (КТБ) акысыз алууга болот. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдайт.

Булуттуу электрондук кол тамганы акысыз алууга төмөнкү КТБ алууга болот:

– КТБ-1 Бишкек ш. (Нуркамал көч., 29);

– КТБ-2 Бишкек ш. (Чолпон-Ата көч., 2);

– КТБ-3 Бишкек ш. (Жаш Гвардия көч., 4);

- КТБ-4 Бишкек ш. (Ауэзов көч. 1/5);

– КТБ Талас ш. (Дзержинский көч., №28);

– КТБ Нарын ш. (Ленин көч., 39);

– КТБ Ат-Башы (А.Сулайманов көч., 29);

– КТБ Кочкор району (Кочкор айылы, С. Алиев көч., 6);

– КТБ Сокулук айылы (Шопоков, Машиностроительная көч., 1);

– КТБ Панфилов району (Панфиловка айылы);

– КТБ Каракол (Гебзе көч., 124);

– КТБ-1 Ош ш. (Ленин көч., 318);

– КТБ-2 Ош ш. (Раззаков көч., 2);

– КТБ Жалал-Абад ш. (Барпы Сейил көч., 79Б);

– КТБ-1 Өзгөн ш. (Ленин көч., 115);

– КТБ-2 Өзгөн ш. (Прогресс айылы);

– КТБ Сузак ш. (Каримбердиев көч., 1);

– КТБ Базар-Коргон району (О. Курбанов көч., 6);

– КТБ Баткен (Мурат Салихов көч., 33/1);

– КТБ Кызыл-Кыя (А.Султанов көч., 1А);

– КТБ - Кызыл-Суу (Жети-Өгүз р-ну, Кызыл-Суу айылы, Первомайская көч., 65).

Мындан тышкары, электрондук кол тамганы төмөнкү Адистештирилген операторлордон алууга болот:

– «DosTek group» ЖЧКсы (Бишкек, Коенкөзов көч., 8, (0312) 96-03-60, www.dostek.kg, office@dostek.kg);

–«Юниверсал Бизнес Репорт» ЖЧКсы (Бишкек, Тимирязев көч., 80, 8-каб., (0312) 98-68-66, www.ubr.kg, sale@ubr.kg).

Электрондук колтамганы алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси менен Адистештирилген операторлордун сайтынан тааныша аласыздар, анын ичинде булутту электрондук кол тамганы акысыз алуу боюнча маалымат «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын www.infocom.kg сайтына жайгаштырылган.

Эске салсак, уюмдар жана жеке ишкерлер, анын ичинде патент боюнча иштегендер 2021-жылдын 1-январынан тартып салык отчетун электрондук кол тамганы колдонуу менен электрондук түрдө берүүгө өтөт.

Ушуга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматы аталган категориядагы салык төлөөчүлөрдү электрондук кол тамгаларды алдын ала алууга чакырат.

Кененирээк маалыматты www.sti.gov.kg сайтынан же 116 номери аркылуу алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий