• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Салык отчетун берүүнүн мөөнөтү 1-июлга чейин узартылды — МСК

Экономика 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги мыйзамы менен салык төлөөчүлөр тарабынан 2020-жылдын 1-кварталы үчүн же март айынан май айына чейинки салык мезгили үчүн түзүлүүчү салык отчетун берүү мөөнөтү жазуу жүзүндөгү арызысыз ушул жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бул узартууга Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салык отчету кирбейт.

Ушул эле мыйзам менен жеке жактардын 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2021-жылдын 1-апрелине чейин белгиленди.

Алсак, ушул жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын берүүгө жетишпей калган жеке жактар 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларация тапшыра алышат.

Жеке жактардын категориясына төмөнкүлөр кирет: мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер (анын ичинде патенттик негизде салык төлөөчүлөр), кыймылсыз мүлк салыгы салынуучу транспорт каражаттарынын ээлери жана жер участоктору барлар (короо-жай алдындагы участокторду кошпогондо), ошондой эле юридикалык жакты түзбөстөн иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар.

Пикир

Оставить комментарий