• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Салык режимин тандоо тууралуу арыз менен 23 миңден ашык салык төлөөчү кайрылды

Экономика 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Жаңы Салык кодексинин ишке киргизилишине байланыштуу, салык органдарына салык төлөөчүлөрдөн салык режимин тандоо жөнүндө 23 миң 272 арыз түшкөн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Алардын ичинен 1136 салык төлөөчү жалпы салык режимине, 22136 салык төлөөчү бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн системасына, анын ичинен 14775 бирдиктүү салыкка, 7295 нөлдүк ставка менен бирдиктүү салыкка, 66 субъект КНСти шарттуу эсептөө режими менен бирдиктүү салыкка өткөн.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 31-декабрына чейин милдеттүү патенттин, салык контрагынын, чекене сатуу салыгынын негизинде салыктарды төлөгөн төлөөчүлөр салык режимин тандоо жөнүндө салыктык катталган жери боюнча салык органына арыз менен 28-январга чейин кайрылуулары зарыл болгон.

Аталган салык төлөөчүлөрдө бирдиктүү салыкты же жалпы салык режимин тандап алуу укугу болгон.

Жалпы салык режиминин негизинде салык төлөгөн жана 2021-жылдын 31-декабрына карата КНС төлөөчү болуп саналбаган салык төлөөчүлөр бирдиктүү салык режимин тандай алышмак.

Белгилей кетсек, жаңы Салык кодексинин кабыл алынгандыгына байланыштуу, салык органдарынын “Бирдиктүү терезелери”, Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борбору салык төлөөчүлөрдү тейлөө боюнча– иш күндөрү саат 23:00гө чейин, дем алыш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин күчөтүлгөн режимде иштешти.

Пикир

Оставить комментарий