• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Салык төлөөчүлөр 88 миңден ашуун бириктирилген отчетту онлайн беришкен

Коом 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы киреше салыгы, камсыздандыруу төгүмдөрү жана эмгек мамилелери боюнча бириктирилген отчет киргизилгенден бери 88 миң 877 отчетту электрондук түрдө кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын апрелинен баштап салык төлөөчүлөр (чакан жана орто бизнес субъекттеринен жана коммерциялык эмес уюмдардан тышкары) киреше салыгы, камсыздандыруу төгүмдөрү жана эмгек мамилелери боюнча бириккен отчет берүүгө өтүшкөн.

Бириктирилген форма салык органына, Соцфондго жана Улуттук статистика комитетине берилүүчү отчеттордун 5 түрүн алмаштырды. Эми бир отчет бир мамлекеттик органга – салык кызматына берилет жана электрондук формада гана жүргүзүлөт.

Алардын бирикмеси салык төлөөчүлөр тарабынан берилүүчү отчеттордун санын жөнөкөйлөтүп, кыскартат жана алар үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий