• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салык төлөөчүлөр ККМди башкаруу системасынын пилоттук долбоору менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы бизнес-коомчулуктун, ишкер субъекттердин жана ММКнын өкүлдөрүнүн катышуусунда ККМди башкаруу системасынын пилоттук долбоору менен тааныштыруу боюнча семинар уюштурду.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага Салык кызматынын төрагасынын орун басары Алтынбек Абдувапов, "Башкы илимий инновациялык жайылтуу борбору" АКнын (РФ) долбоорунун жетекчиси Тимур Мусаев, ошондой эле Салык кызматынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктери, компаниялардын, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана салык төлөөчүлөр катышты.

Төраганын орун басары А. Абдувапов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын пилоттук долбоору жөнүндө» токтомун ишке ашыруунун жүрүшү, долбоордун максаттары жана милдеттери жана тиешелүү Макулдашуулардын алкагында Россия федерациясы тараптан көрсөтүлүп жаткан техникалык жардам тууралуу айтып берди.

Долбоор менен тааныштырылгандан кийин семинардын уюштуруучулары салык төлөөчүлөрдүн суроолоруна жооп беришти.

Пилоттук долбоордун негизги максаты – Россия тараптан берилген фискалдык модулу бар ККМди пайдалануунун техникалык мүмкүнчүлүктөрүн баалоо, ошондой эле фискалдык маалыматтарды чогултуу, оңдоп-түзөтүлбөгөн түрдө корголгон сактоо, иштеп чыгуу жана Салык кызматынын серверине реалдуу убакыт режиминде өткөрүп берүүнүн жаңы технологиясын апробациялоо болуп саналат.

Салык төлөөчүлөр пилоттук долбоорго ыктыярдуу негизде катыша алышат. Мында катышуучуларга аппараттык, ошондой эле программалык ККМ да акысыз негизде берилет.

Пилоттук долбоор үчүн 1 000 даана аппараттык ККМдин 3 модели колдонулат (фискалдык каттоочу, автономдуу касса, смарт касса жана программалык ККМдин үч модели (стол касса, веб-касса жана мобилдик касса).

Пилот учурунда сынамыктан өткөн аппараттык ККМди техникалык жактан тейлөө акысыз болот. Бул ККМди субъекттер пилот аяктагандан кийин да колдоно алышат.

Бул долбоордун катышуучуларына аймактык салык органына барбастан салык төлөөчүнүн өзүнүн жеке кабинетинен эле фискалдык модулдарды жана ККМди каттоонун жаңы технологияларын сынап көрүү мүмкүнчүлүгү берилет.

Ошондой эле пилоттук санариптик чечимдер ККМди пайдалануучунун системалык программалары менен айкалыштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Пилоттук долбоорго салык салынуучу субъекттерден тышкары программалык ККМди иштеп чыгуу менен алектенген уюмдар, ошондой эле аппараттык ККМ ташып келүүчү, сатуучу жана тейлеген уюмдар да катыша алышат.

Бул үчүн пилоттук ККМдин моделин көрсөтүү менен пилоттук долбоорго катышуусу жөнүндө өзүнүн жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн Салык кызматына жөнөтүүсү жетиштүү.

Долбоорго катышуу салык төлөөчүлөргө ККМди бекер алууга, бизнес жүргүзүүнүн жаңы деңгээлине өтүүгө жана көмүскө экономиканы мыйзамдаштырууга салым кошуусуна мүмкүндүк берет.

МСКнын акысыз мобилдик тиркемеси аркылуу кассалык чектин мыйзамдуулугун текшерүү сервисинин жана салык кызматынын электрондук сервисине түздөн-түз онлайн-берүүсүнүн эсебинен ишкер субъектилердин мыйзам бузуулары тууралуу белгини тез арада иштеп чыгуунун натыйжасында калк үчүн керектөөчү катары өз укуктарын натыйжалуу коргоосуна кошумча мүмкүнчүлүктөр түзүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий