• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салык төлөөчүлөр социалдык сурамжылоого катыша алышат - МСК

Коом 0

Бишкек, 29.09.20 /Кабар/. Салык төлөөчүлөр арасында салыктык башкаруу маселелери боюнча социалдык сурамжылоо жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, изилдөөгө өлкө боюнча бир жарым миңге жакын салык төлөөчү өз ыктыяры менен катыша алат. Сурамжылоо туш келди ыкма менен 2008-жылдан тартып ушул сыяктуу кызматтар рыногунда иштеген “Ребикон” изилдөөчү компаниясы жүргүзөт.

Бул иш-чаранын алкагында Салык кызматынын катышуусу жана салык төлөөчүлөр жөнүндө жеке маалыматтарды пайдалануу тартылган эмес. Респонденттердин байланыш маалыматтары ачык булактардан “Ребикон” компаниясы тарабынан алынат.

Келишимдик милдеттерге ылайык, "Ребикон" компаниясы бардык респонденттерге изилдөөгө катышуунун толук купуялуулугуна кепилдик берет. Жыйынтык отчет сурамжыланган ар бир салык төлөөчүнүн аты-жөнүн жана башка жеке маалыматтарын көрсөтпөстөн жалпыланган түрдө Мамлекеттик салык кызматына берилет.

Салык реформасы боюнча ишке ашырылып жаткан техникалык жардамдын долбоорунун жана Салыктык башкарууну реформалоо стратегиясынын алкагында Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен өткөрүлүп жаткан "Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдүн канааттануусун баалоо" мониторингинин жыйынтыгы жүргүзүлүп жаткан салык реформасына, анын натыйжалуулугуна, күчтүү жана алсыз жактарына объективдүү баа берүү мүмүнчүлүк түзүлөөрү күтүлүүдө.

Ушул темадагы мындан мурунку социологиялык изилдөө 2017-жылы жүргүлгөн, анын жыйынтыгы салык чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча бир катар стратегиялык документтердин негизин түздү.

Пикир

Оставить комментарий