• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Салык төлөөчүлөрдө салык режимин тандоого бир күн калды

Экономика 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдө салык режимин тандоо боюнча салык органдарына арыз берүү үчүн бир күн калгандыгын эскертет.

2021-жылдын 31-декабрына чейин милдеттүү патенттин, салык контрагынын, чекене сатуудан салыктын негизинде салыктарды төлөгөн төлөөчүлөр салык режимин тандоо жөнүндө салыктык катталган жери боюнча салык органына кайрылуулары зарыл.

Белгиленген формадагы арыз салык органынан берилет.

Төлөөчүлөрдүн жогоруда көрсөтүлгөн категориялары бирдиктүү салыкты же жалпы салык режимин тандай алышат. Салык төлөөчү жалпы салык режимин тандоодо бир эле учурда КНС төлөөчү катары каттоого арыз берет.

Салыкты жалпы салык режиминде төлөгөн жана КНС төлөөчү болуп саналбаган төлөөчүлөр бирдиктүү салык режимин тандай алышат.

Салык төлөөчүлөрдүн калган категориялары салык органдарына арыз менен кайрылуунун кажети жок.

Бүгүн, 27-январда, салык органдарынын “Бирдиктүү терезелери”, Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борбору салык төлөөчүлөрдү түнкү саат 23:00гө чейин кабыл алышат.

Пикир

Оставить комментарий