• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү. 5 айда 13,5 млрд сом туум жана санкция эсептен чыгарылды

Экономика 0

Бишкек, 15.06.22. /Кабар/. 5 айдын ичинде салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызын төлөгөн 3 миң 267 субъекттин 13 млрд 542,3 млн сом туум жана санкциялары эсептен чыгарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бюджетке 6 млрд 279,5 млн сом карыздын негизги суммасы төлөнгөн.

"Атап айтканда, салык карызынын негизги суммасын төлөгөн 2 миң 186 салык төлөөчүнүн 13 млрд 505,8 млн сом суммасында туум жана санкциялары эсептен чыгарылды. Субъекттер 6 млрд 144,6 млн сом салык карызынын негизги суммасын төлөшкөн.

Ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн 1 миң 81 субъекттин 36,5 млн сом туум жана айыптар эсептен чыгарылды. Бюджетке 134,9 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасы төлөнгөн", - деп белгилешти ведомстводон.

Белгилей кетсек, салык төлөөчүлөр салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн учурда, эсептелген туумдарды, санкцияларды жана айыптарды эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Мындай жеңилдик Кыргызстандын “Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө” Мыйзамында каралган.

Мыйзамга ылайык, 2022-жылдын 1-июлуна карата салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн төлөөчүлөр үчүн туумдар, санкциялар жана айыптар 100 пайызга жана 2022-жылдын 31-декабрына чейин карыздын негизги суммасын төлөгөндөр үчүн 50 % эсептен чыгарылат. Реструктуризациялоого 2020-жылдын 1-июлуна чейин түзүлгөн карыздар кирет.

Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды эсептен чыгаруу үчүн катталган жери боюнча салык органына кайрылуу керек.

Пикир

Оставить комментарий