• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды реструктуризациялоодон бюджетке 758 млн сом түшкөн

Экономика 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. 2020-жылдын августунан 2021-жылдын 1-ноябрына чейинки мезгилде салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды реструктуризациялоонун алкагында бюджетке 758,1 миллион сом түшкөн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен бюджетке 4 миң 313 салык төлөөчү салык карызынын негизги суммасынан 449,1 млн сомун жана 3 миң 759 салык төлөөчү камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасынан 309 млн сомун төлөгөн.

Мындан тышкары, Салык кызматы 10 миң 159 субъектке 627,4 млн сом суммасындагы туумдарды, айыптарды жана салык санкцияларын эсептен чыгарды.

Салык төлөөчүлөр салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөө жолу менен Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 14-августундагы “Камсыздандыруу төгүмдөрүнө карата эсептелген пайыздар, туумдар, салык санкциялары, айыптар боюнча карыздарды реструктуризациялоо жөнүндө” Мыйзамына ылайык чегерилген туумдарды, санкцияларды жана айыптарды эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгүн пайдалана ала тургандыгын эскертебиз.

Мыйзамга ылайык, 2021-жылдын 31-декабрына чейин карыздын негизги суммасын төлөгөн төлөөчүлөр жана жарандар үчүн туумдар, санкциялар жана айыптар 50 пайызга эсептен чыгарылат.

Пикир

Оставить комментарий