• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагындагы долбоорлорду ишке киргизүү мөөнөтү жылдырылды

Экономика 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагындагы бир катар долбоорлорду ишке киргизүүнүн мөөнөтү 2020-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Буга байланыштуу 2020-жылдын 30-мартында КР Өкмөтүнүн токтому чыккан.

Алсак, КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар тарабынан электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү түрдө колдонуунун мөөнөтү 1-июлга чейин узартылды. Көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин 2019-жылдын 1-июлунда ишке киргизилген электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат.

Реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоор да үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна чейин узартылды.

Мындан тышкары, мунайзаттарга электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды милдеттүү колдонуунун мөөнөтү 1-июлга жылдырылды.

Көрсөтүлгөн чаралар өлкөбүздө өзгөчө кырдаал, ал эми айрым аймактарда – өзгөчө абал режими жарыялангандыгынан улам ишкерлерге колдоо көрсөтүү жана салык органдарына салык төлөөчүлөрдүн келүүсүн минималдаштыруу максатында кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий