• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Салыкчылар бир күндө 281 ишкер субъекттеринин мыйзам бузууларын аныкташкан

Коом 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондорунун аймактарында өткөрүлгөн салык мыйзамын сактоо боюнча контролдук иш-чаралардын жүрүшүндө бир күн ичинде 281 ишкердик субъекттен укук бузууларды аныкташты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейдге 674 субъект камтылып, анын ичинен 279 субъект рейддик салык контролу жана 395 субъект контролдук сатып алуулар боюнча текшерүүдөн өтүштү.

"Рейддик салык контролунун жыйынтыгы боюнча рейддик салык контролуна камтылган субъекттин 36,5% же 102 ишкерден ар кандай мыйзам бузуулар аныкталган. Анын ичинде 80 субъектте уруксат берүүчү документтери (күбөлүк, патент, лицензия) жок болуп чыккан, 44 субъекттин контролдук-кассалык машиналары жок, 42 субъект эмгек келишимин жана полистерди (камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө фактысы) бере алышкан эмес", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, контролдук сатып алууга камтылган 395 субъекттин ичинен 45,3% же 179 ишкерден мыйзам бузуулар аныкталган. Анын ичинен 122 субъекттен кассалык чекти бербөө фактылары, 74 субъекттин кассасында ашыкча акча бар болуп чыкты, 5 субъектте тоскоолдук кылуулар (башкача айтканда, ККМге же R-Keeper) кирүүгө тыюу салуу фактылары табылган. Мындан тышкары, текшерүү учурунда 117 субъект жабылуу болгон.

Мамлекеттик салык кызматы бул багыттагы иштер үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлөөрүн билдирет.

Пикир

Оставить комментарий