• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Салыкты убагында төлөбөгөндөр айып пулга жыгылат

Коом 0

Бишкек, 30.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы, салык төлөө мөөнөтү аяктаганча салыктарды өз убагында төлөбөгөндөрдү издөө боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзө баштайт. Бул тууралуу Cалык кызматынан билдиришти.

Cалык кызматынан белгилешкендей, салыкты мөөнөтүндө төлөөгө жетишпей калган транспорттун, турак жайдын жана жердин ээлери, салыктык милдеттенменин негизги суммасынан тышкары, административдик айып акы, ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болушат.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 2-сентябрына чейин (2-сентябрь салык төлөөнүн акыркы күн) транспорт, турак үй, батир жана жер салыгын (үй алдындагы, короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда, жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Пикир

Оставить комментарий