• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Салыктык башкаруу системасын модернизациялоо долбоорун даярдоо үчүн грант берүү жөнүндө гранттык макулдашуу-каты ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Салыктык башкаруу системасын жана статистикалык системаны модернизациялоо долбоорун (ECAPDEV Траст фондунун TF0B0175 гранты) даярдоо үчүн грант берүү жөнүндө гранттык макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 26-декабрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Дүйнөлүк банкка аталган гранттык макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат катары:

Гранттык макулдашуу-катка салыктык башкаруу системасын жана статистикалык системаны модернизациялоо долбоорун даярдоо үчүн грант алуу максатында кол коюлган. Аталган гранттык-макулдашуу катты ишке ашыруунун алкагында Дүйнөлүк банк тарабынан Кыргыз Республикасына 384 900 АКШ доллары суммасында грант берүү аркылуу колдоо көрсөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий