• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Салыктык чегерүүлөр иштеп тапканына жараша болушу керек – Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 06.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын 2019-жылдын 1-жарым жылдыгы боюнча коллегиялык жыйынына катышты.

Коллегиялык жыйында бир катар, анын ичинде үстүбүздөгү жылдын 6 айындагы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу, салыктык карыздарды өндүрүү жана башка маселелер каралды.

Өкмөт башчы белгилегендей, учурда бюджетти аткарууда чоң кемчилдиктер жана көйгөйлөр бар. Өткөн жылы бул көрсөткүч ашыгы менен аткарылган.

Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылдын 6 айында КР МСК 38 млрд 238,3 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнаган, план 96,2% аткарылган же млрд 517,4 млн сом түшпөй калган. Мындан тышкары 2019-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстандын салыктык карызы 4 млрд 483,6 млн сомду түзгөн. Анын ичинде кайтарымсыз карыз – 2 млрд 871,9 млн сом.

«Бүгүнкү күнгө карата көрсөткүчтөрдү эске алуу менен, чече турган маселелер бар деп айтууга болот. Биз – Өкмөт аларды чечүү үчүн тиешелүү көмөк көрсөтүүгө даярбыз. Ошону менен бирге коюлган милдеттерди аткара албай жаткан шаардык жана аймактык салык кызматтарынын жетекчилеринин ишин деталдуу карап чыгуу керек. Салык боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү бир катар аймактык салык кызматтары камсыздай алышкан жок», – деп баса көрсөткөн Мухаммедкалый Абылгазиев, Кыргызстандын салык тутуму башка өлкөлөрдөн болжол менен бир нече жылга артта калып жатканын белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө Премьер-министр патенттер тутумун кайра карап чыгууну сунуштады: Көптөгөн ресторандар, оюн-зоок жайлары бюджетке көп акча төлөшү керек, бирок алар эмнегедир патент менен иштешет. Патенттер тутумун кайра карап чыгуу зарыл.

«Демек, алар кыйынчылыксыз эле, жеңил акча таап жатышат. Бул адилетсиздик деп эсептейм. Салыктык чегерүүлөр иштеп тапканына жараша болушу керек», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы эске салгандай, алдыда пенсия жана мугалимдердин айлык акысын жогорулатуу пландалууда. Буга байланыштуу бюджетти аткаруу боюнча маанилүү милдет турат.

Маалымдама: Республиканын салык органдары алты айда салыктык карыздарды мажбурлап өндүрүү иштерин жүргүзүштү. Натыйжада бюджетке 2 миллиард 549 миллион со түшкөн, бул 2018-жылга салыштырмалуу 733,1 миллион сомго же 40,4 пайызга көп.

Салык төлөөчүлөргө 4 миллиард 720,4 миллион сомго 48 миң 943 салыктык чечим тапшырылган. Алардын ичинде 1 миллиард 755,9 миллион сом тапшырылган 34 миң 36 чечим боюнча. Мындан тышкары салык төлөөчүлөрдүн эсептерине 1 миллиард 860 миллион сомго 1 миң 901 салыктык-төлөм талабы чыгарылган. Бул 2018-жылдын көрсөткүчтөрүнө карата 14 талапка же 674,8 миллионсомго көп. Анын ичинде 11,4 миллион сом өндүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий