• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Салыктык эмес кирешелер жөнүндө КР кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 27-майында кабыл алынган.

Бул Мыйзамдын максаты пайдалуу кендерди иштетишкен (казып алышкан) жеке же юридикалык жактардын чегерүүлөрүнөн түзүлгөн Региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программаларына ылайык максаттуу арналыштагы иш-чараларды ишке ашыруу жолу менен да пайдалануунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу болуп эсептелет.

Ошондой эле кабыл алынган Мыйзам менен Бюджеттик кодекстин 34-беренесинин жана салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекстин 46-главасынын ченемдериндеги карама-каршылыктар жоюлууда.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий