• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«Салыктык эмес кирешелер жөнүндө КРнын Кодексин колдонууга киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 18.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин колдонууга киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылды 28-июнунда кабыл алынган.
Кабыл алынган Кодекстин максаты Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктык эмес кирешелердин түшүүлөрүн жүргүзүү, жыйноо жана контролдоо боюнча мамилелерди жөнгө салуучу бирдиктүү мыйзам актыларын түзүү , ошондой эле, салыктык эмес кирешелердин толук тизмесин, аларды жүргүзүүнүн жана Кыргыз Республикасынын бюджетине түшүүлөрдүн бир түрдүү эрежесин бекитүү болуп саналат.
Кодекс салыктык эмес кирешелерди алуу маселелерин жөнгө салуучу мурдагы ченемдик укуктук актылардын бардыгын алмаштырат. Ошондой эле, бул Кодекс жүргүзүү, контролдоо жана төлөө тартибин кошкондо, салыктык эмес кирешелерди тескөө маселелерин жөнгө салат.
Кодекс Кыргыз Республикасынын бюджетине түшүүчү бардык салыктык эмес кирешелердин тизмесин камтыйт жана ал арды башка ченемдик укуктук актылар менен киргизүүгө тыюу салат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий