• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Салыктык статусун тастыктоо үчүн документ алуу жолу жөнөкөйлөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 11.01.19 /Кабар/. Кыргызстанда салыктык статусун (резиденттигин) тастыктоо үчүн документ алуу жол-жобосу жөнөкөйлөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Документти алуунун жөнөкөйлөтүлгөн жаңы жол-жобосу салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында киргизилди, ошондой эле, ишкердик субъектилери менен салык органынын кызматкерлеринин түздөн түз байланышын минималдаштырууга багытталды.

Алсак, Өкмөт тарабынан КР чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү макулдашууларын аткаруу тартиби тууралуу жобо бекетилди.

Ушул жобого ылайык, салык төлөөчү өзүнүн резиденттигин тастыктоо үчүн белгиленген форма боюнча арызы менен салыктык каттоосу бар болсо – Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратына, салыктык каттоосу жок болсо – Экономика министрлигине кайрылуусу жетиштүү.

Мурда салык төлөөчү резиденттигин тастыктоо үчүн алдын ала аймактык салык органындагы салыктык каттоосу жөнүндө тийиштүү маалымкатты алып, Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратына кайрылуусу керек эле.

Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер арызга мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн жана салык төлөөчүнүн каттоо карталарынын көчүрмөлөрүн, ал эми жеке жактар паспорттун (ID-карта) көчүрмөсүн тиркөөлөрү керек.

Ошондой эле, КР булактан киреше алган туруктуу мекеме түзбөстөн республикасында ишкердик жүргүзгөн чет өлкөнүн резиденттери үчүн да жол-жоболор жөнөкөйлөшкөн. Макулдашуунун жоболорун колдонуу үчүн салыктык агентке салыктык статусту (резиденттикти) тастыктоочу документтин түп нускасын көрсөтүү жетиштүү.

Ал эми мурда салык органынын тийиштүү чечимин алуу үчүн чет өлкөлүк резидент аймактык салык органына КР булактардан алынган киреше салыгынан бошотуу жөнүндө арызы менен кайрылуусу керек эле.

КР салыктык статусун (резиденттигин) тастыктоо жөнүндө арыздардын жана Кыргыз Республикасынын салыктык статусу жөнүндө сертификаттын үлгүлөрү Салык кызматынын расмий сайтында www.sti.gov.kg жайгаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий