• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Салыктын көлөмүн өстүрүү үчүн жаңы иш каналарды ачуу керек - Халмурзаев

Аймак 0

Бишкек, 22.12.17 /Кабар/. КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев район шаар башчылары жана мамлекеттик салык кызматынын жетекчилери менен жылдын болжолдуу жыйынтыктарын талкуулаган жыйын өттү.Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Облус башчысы район, шаар башчыларына салыктын көлөмүн көбөйтүү үчүн аймактарда көп киреше берүүчү ишканаларды ачуунун үстүндө активдүү жумуш алып барууну тапшырды.

Ошондой эле район, шаар башчылары инвестиция тартуунун үстүндө иш алып барып, донорлор менен келишимдери түзүп биргеликте кызматташууну талап кылды.

Өзбекстан Республикасы менен кошмо ишканаларды ачуу боюнча иш план, ар бир аким, мэрлер өздөрүнүн сунуштарын берүүнү тапшырды.

Ал эми мамлекеттик салык кызматынын жетекчилерине салык топтоонун планын аткаруу максатында жеке ишкердин арасында такай түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен жылдын жыйынтыгы боюнча белгиленген планга чыгуу тапшырмасын койду.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11 айына мамлекеттик бюджетке берилген план тапшырма 1 млн 121 миң 450 сом болсо, иш жүзүндө 1 млн 124 миң 204 сомго аткарылып 100.2% түздү. Планга салыштырмалуу 2 млн 754 миң сого көп салык топтолду.

Анын ичинен республикалык бюджетке берилген план 649 миң 450 сом болсо, иш жүзүндө 646 миң 776 сомго аткарылып 99.6% түздү. Планга салыштырмалуу 2 млн 516 миң сомго аз салык топтолду.

Ал эми жергиликтүү бюджетке берилген план 472 миң 158 сом болсо, иш жүзүндө 477 миң 428 сомго аткарылып 101.1% түздү. Планга салыштырмалуу 5 млн 270 миң сомго көп салык топтолду

Облус аймагында 2017-жылдын 11 айы ичинде 54 ишкана ачылып, облустун өсүү темпи өз салымын кошуп келет.

Район, шаарлар боюнча алып караганда бул көрсөткүч төмөнкүчө Баткен районунда 9 ишкана, Кадамжай районунда 9, Лейлек районунда 21, Баткен шаарында 6, Кызыл-Кыя шаарында 7, Сүлүктү шаарында 2 жаңы ишкана ачылган.

Пикир

Оставить комментарий