• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салымбековдун “Дордой” комплекси боюнча Маданият министрлигинин дарегине айткан айыптоосу жалган — министрлик

Коом 0

Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. Садыр Жапаровдун бизнес коомчулугу менен болгон жолугушуусундагы Аскар Салымбековдун “Дордой” спорт комплекси жайгашкан ижара жер тилкеси боюнча Маданият министрлигинин дарегине айткан айыптоосу чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин министрлик жана “Дордой” ассоциациясынын ортосунда эки ирет жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө келишим түзүлгөн.

Өкмөттүн 2009-жылдын 3-августундагы №489 буйругуна ылайык, К. Жакыпов атындагы сейил багынын жер тилкесин “Дордой” ассоциациясына ден соолукту чыңдоо жана оюн-зоок сейил багынын курулушу жана долбоору үчүн берүү токтомунун толук аткарылышын изилдөө максатында ведомство аралык комиссия түзүлгөн.

Комиссиянын корутундусу бир катар мыйзам бузууларды аныктап, ижара акысындагы дал келбөөчүлүктү так белгилеп берген. Анын натыйжасында ага чейинки келишим жокко чыгарылып, ижара акысы, жер тилкеси жана мөөнөтү тийиштүү органдар тарабынан белгиленген өлчөмдүн негизинде даярдалган жаңы келишимге кол коюлган. Тактап айтканда, текшерүүгө чейин “Дордой” ассоциациясы айына 110 миң 205 сомдун ордуна болгону 20 миң сом өлчөмүндө акы төлөп келишкен.

Мындан тышкары, максатсыз пайдалануу жана ашыкча жерлерди ээлеп алуу боюнча да фактылар катталган. Бирок ал фактылар боюнча чара көрүлгөн эмес.

“Кечээги президенттин бизнес коомчулугу менен болгон жолугушуусундагы Аскар Салымбековдун министрликке койгон дооматы жүйөөсүз. Салымбеков жаңы келген министрлер “гүлдөтүп"”койгон жерди тартуу үчүн байма-бай проркуратурага кырылып турганын айтты. Өз кезегинде министрлик жогорудагыдай мазмундагы арызды бир дагы текшерүүчү органга жолдобогондугун билдирет”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетчү жагдай, “Дордой” ассоциациясына ижара акысын толук төлөбөгөндүгү үчүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан билдирүү каттары жиберилген. Ал эми андай билдирүүнү тийиштүү орган министрликтин макулдугусуз жөнөтө алат.

Эске салсак, 23-июнда президент Садыр Жапаров бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуп, ишкерлер менен экономиканы өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун, экономикалык реформаларды жүргүзүүгө багытталган кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү пландарын, ошондой эле ишкерлер чөйрөсүн түйшөлткөн көйгөйлөрдү талкуулаган.

Пикир

Оставить комментарий