• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Салыштыралы, базарда кандай иштөө пайдалуу – патент же ККМ менен?

Экономика 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын 1-июлунан тартып жаңы стандарттарга ылайык, ККМ колдонуу милдеттүү болгондугун эскертет. Аталган күндөн тартып фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде өткөрүп берүү функциясы жок контролдук-кассалык машинанын эски моделдери колдонулбайт.

Мындан тышкары, Салык кызматы 2021-жылдын сентябрынан тартып ККМдин жаңы моделдерин колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууда. Долбоордун алкагында ишкерлерге контролдук-кассалык машиналар жана аларды тейлөө акысыз берилет.

Тилекке каршы, 2022-жылдын 1-январынан тартып ишкерлер тарабынан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү калкка жеткирүүдө жана чекти чыгарууда ККМди жаңы стандарт боюнча колдонуу милдети, ошондой эле патент колдонууну пландуу жокко чыгаруу айрым жеке ишкерлер тарабынан терс реакцияны жаратууда.

Ушуга байланыштуу, Мамлекеттик салык кызматы патент боюнча салык төлөө менен ККМди колдонуунун ортосундагы айырманы түшүндүрүүнү зарыл деп эсептейт.

Мамлекет накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө ККМ колдонгон субъекттерге максималдуу жеңилдиктерди берет. Алсак, өлкөдө жылдык товар жүгүртүү 8 млн сомдон ашпаса, анда ал салык төлөөдөн бошотулат.

Мисалы, базарда иштеп, ай сайын 3000 сомго патент, 807 сомго камсыздандыруу полисин сатып алган ишкерди алалы. Анын жылдык чыгымы 45 684 сомду түзөт.

Эгерде, ишкер виртуалдык (программалык) ККМди тандаса, аны Google Play Marketтен бекер жүктөп алып, смартфонго, планшетке же ноутбукка орнотуп, чек чыгара баштайт. Мындай аппаратты жыл сайын тейлөөгө кеткен чыгым болжол менен 3000 сомду түзөт. Ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөйт, анын суммасы жылына 9684 сомду түзөт. Жыл ичиндеги чыгашалардын жалпы суммасы 12684 сомдон ашпайт.

Ошентип, ишкер патентти колдонуу менен мурда төлөгөн 45684 сомдун ордуна 12684 сом гана төлөп, 33 миң сом үнөмдөөгө мүмкүндүк алат. Көрүнүп тургандай, KKM колдонуунун пайдасы айдан ачык.

Учурда Кыргыз Республикасынын аймагында ККМдин эки – аппараттык жана программалык модели колдонулат.

Аппараттык ККМ – дисплейи бар кадимки кассалык аппарат.

Программалык ККМ – бул компьютерге, планшетке же смартфонго орнотула турган жана кассалык чектин электрондук форматын түзүү жана жөнөтүү функциясы бар программалык продукт же тиркеме. Программаны бекер жүктөп алып, керектөөчүлөргө чек берүү үчүн чек чыгаруучу принтерди сатып алуу жетиштүү.

ККМ менен иштөөнүн артыкчылыктарынын катарына ак ниет салык төлөөчүлөр үчүн сезилерлик жеңилдиктер, ачык-айкын фискалдык система, жагымдуу атаандаштык чөйрө, салыктык контролдун ар кандай түрлөрүн кыскартуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо кирет.

Пикир

Оставить комментарий