• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Самара Абдумалик кызы Самбо боюнча дүйнө чемпионатында коло байге жеңди

Спорт 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Самбо боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Самара Абдумалик кызы Самбо боюнча дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене трабия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 10-15-ноябрь күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өттү.

Самара Абдумалик кызы 50 кг салмак категорияда күчүн сынап, турнирде үчүнчү орунду ээледи.

Белгилей кетсек, курама команда Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш сапарга жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий