• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Самара Каримованын иши. Маданият министрлиги апелляциялык арыз менен кайрылды

Коом 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун Самара Каримовага карата чечими боюнча апелляциялык арыз менен кайрылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эмгек укугу боюнча адистер жана тажрыйбалуу юристтер менен кенен талкуулаган соң, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексине ылайык ыйгарым укуктарынын чегинде, Министрлик менен Каримова Самаранын ортосунда келип чыккан эмгек талаш-тартыштарынын алкагында, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен макул болбой 2021-жылдын 15-январында апелляциялык арыз менен кайрылды.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы процессуалдык мыйзамдардын бир катар бузулушуна жол берген:

1. Министрликтин атынан сотко бир катар процесстик аракеттерди жасоого ыйгарым укугу жок өкүл катышкан. Кыргыз Республикасынын Граждандык процессуалдык кодексинин талабы боюнча, өкүлдүн бир катар процессуалдык аракеттерди жасоо укугу, көрсөтүлгөн адам тарабынан берилген ишеним катта атайын каралышы керек. Демек, бул одоно процедуралык мыйзам бузуу болуп саналат.

Ошондой эле, сотко баруудагы ишеним кат 2020-жылдын 14-октябрында кызматынан бошотулган мурдагы министр тарабынан берилген. 2020-жылдын 14-октябрында жаңы министр Н.Кадырбеков дайындалган. Сот азыркы министрден жаңы ишеним кат талап кылышы керек болчу. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, юридикалык жактын атынан ишеним кат анын жетекчиси же уюштуруу документтери менен ага ыйгарым укук берилген адам тарабынан кол коюлуп, ошол уюмдун мөөрү басылышы керек.

2. Доогер С.Каримова 2020-жылдын ноябрь айында, башкача айтканда, жумуштан бошотулгандан эки жылдан кийин, кызмат ордуна калыбына келтирүү жөнүндө доо арыз жазган. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 414-беренесине ылайык, кызматкер жумуштан бошотуу жөнүндө буйрук менен таанышкан күндөн тартып же эмгек китепчеси чыккан күндөн тартып 2 айдын ичинде жеке эмгек талаш-тартыштарын кароо үчүн ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укуктуу. Башкача айтканда, доогер сотко кайрылуу мөөнөтүн өткөрүп жиберген.

Белгилей кетсек, эми апелляциялык арызды кароо Кыргыз Республикасынын процессуалдык мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык сотунда жүргүзүлөт.

Ошондой эле, бул ишке тиешеси бар кызматкерлерге карата министрликте кызматтык иликтөө жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий