• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Самара Каримованын ордуна музыкалык окуу жайга жаңы директор дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. Оштогу Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын директорунун милдетин аткаруучу болуп Ильязбек Ташболот уулу дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматта Ильязбек Ташболот уулу музыкант экендиги айтылат.

Эскерте кетсек, буга чейин Самара Каримова музыкалык окуу жайдын директорлук кызматынан бошотулган. Мыйзамсыз кызматтан бошотуу деген жүйөө менен Каримова сотко кайрылган. Жакында эле сотто жеңип чыгып, кайра кызматына кайтып келген. Бирок окуу жайдын жамааты ага каршы чыгып, ызы-чуу болгондон кийин Самара Каримова директорлук кызматтан кеткен.

Пикир

Оставить комментарий