• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Самара Токтакуновага ТҮРКСОЙ уюмунун жогорку даражадагы алтын медалы тапшырылды

Маданият 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Кечээ, 11-майда СССРдин жана Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү комузчу Самара Токтакуновага ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жогорку даражадагы алтын медалы тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сыйлык 25- апрель "Салттуу музыка күнүнүн" алкагында ыйгарылып, улуттук салтуу музыка өнөрүнө кошуп жаткан жигердүү салымы жана түрк дүйнөсүнүн маданиятынын сактоого жана өнүктүрүүгө болгон барандуу салымынын негизинде тапшырылды.

Сыйлыкты министр Азамат Жаманкулов тапшырып, залкар комузчу Самара Токтакунованын чыгармачылыгына ийгилик жана бекем ден-соолук каалады.

Пикир

Оставить комментарий