• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Самарада жашаган КР жарандарына консулдук маселелер боюнча консультациялар берилди

Коом 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги консулдук округда жашаган КР жарандары үчүн консулдук кызматтарды үзгүлтүксүз өткөрүп турат.

Элчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, ушул жылдын 18-19-сентябрында элчиликтин кызматкерлери кыргызстандыктардын коомдук бирикмесинин колдоосу астында Самара облусунда жашаган мекендештер үчүн дагы бир ирет жерине баруу менен консулдук кызматтарды көрсөтүүнү ишке ашырышты.

Кабыл алуунун алкагында 150дөн ашык жаранга жалпы жарандык паспортторду, ID-карталарды, Кыргызстанга кайтып келүү күбөлүктөрүн жасап берүүгө арыздар алынып, ошондой эле консулдук маселелер боюнча консультациялар берилди.

Пикир

Оставить комментарий