• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Самарканд аэропортунда ажылыкка бараткан жаран маңзат менен кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 21.08.17. /Кабар/. Самарканд аэропортунун бажы кызматкерлери Меккеге ажылык сапарга бараткан жаранды апийим менен кармады. Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитети маалымдады.

Бажы комитетинин кызматкерлери текшерүү учурунда Шамши Ахроровдун жанынан 72 грамм апийим жана 5722 АКШ долларын табышкан. Ал маңзатын нандын ортосуна катып бараткан.

Сауд Арабиясынын мыйзамдарына ылайык, аткезчилик, маңзатын сатуу, катуу жана колдонуу үчүн өлүм жазасы киргизилген.

Бул иш боюнча Өзбекстандын прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергөө аракеттерин баштады.

Пикир

Оставить комментарий