• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Самаркандда 100 жыл мурун курулган почта имараты түрттүрүлбөй турган болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.01.20. /Кабар/. Самаркандда ЮНЕСКОнун коргоосу алдындагы тарыхый мааниге ээ почта бөлүмүнүн имараты түрттүрүлбөйт.

Самарканд администрациясы 1910-жылы салынган имаратты түрттүрбөө тууралуу чечимди былтыркы жылдын соңунда кабыл алган.

Имаратты бузуу пландалып жатканын «Азаттыктын» өзбек кызматы 2018-жылы июлда кабарлаган. Бул тема социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратып, коомчулук тарыхый мааниге ээ почта бөлүмүн түрттүрүүгө каршы чыккан.

Мындан соң шаар акимчилиги имарат түрттүрүлбөй турганы жөнүндө эки жолу расмий билдирүү жасаган. Бирок имаратты бузула турган объектилердин тимзесинен чыгаруу аракетине тымызын түрдө тоскоолдук жаратып келген.

Пикир

Оставить комментарий