• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Самаркандда агрохимиялык ишкананын эки жумушчусу иске ууланып каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Өзбекстандын Самарканд облусуна караштуу Пастдаргом районундагы "Агрокимё таминот сервис" компаниясына таандык өнөр жай контейнеринде иске уланган эки жумушчунун сөөгү табылды. Бул тууралуу 24-ноябрда өлкөнүн Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Хаёт Шамсутдинов билдирди.

Анын айтымында, жумушчулардын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында алар контейнердин ичинде колго жасалган мештен чыккан ис газына ууланып каза болушканы аныкталган.

Өзбекстандын Ишке орноштуруу жана эмгек мамилелери министрлигинин маалыматына караганда, быйылкы жылдын алгачкы он айында өлкөдөгү ишканалар менен уюмдарда 558 кырсык катталган.

Алардын жыйынтыгында 166 жумушчу каза болуп, 432си оор, 25и жеңил жаракаттарды алышкан.

Пикир

Оставить комментарий