• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Самаркандда АКШга жөнөтүүгө убада берүү менен жарандардан $ 60 миң алган киши кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Самаркандда Мамлекеттик коопсуздук кызматы облустук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте жарандардан алдамчылык менен 60 миң доллар алып жаткан 32 жаштагы кишини кармашты.

Ал акчаны үч жарандан (ар биринен 20 миң доллардан) алып, аларды АКШга “Өзбекстан-Россия-Түркия-Бириккен Араб Эмираты-Улуу Британия-Мексика-АКШ” каттамы менен жөнөтүүгө убада берген.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган киши “кардарларынан” ПЧР-тест жөнүндө маалымкат, эсебинде 5 миң доллары бар VISA карта алып жүрүүнү талап кылган.

Бул факт боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Улуттук коопсуздук кызматы билдиргендей, ушул тапта укук коргоо органдары анын чет өлкөдөгү шериктерин аныктоо чараларын көрүп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий