• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Самаркандда алтын рудасын уурдаган шахта жумушчулары соттолду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.02.20. /Кабар/. Самарканд облусунун Каттакурган райондук соту «Навои тоо-металлургиялык комбинаттын» 16 жумушчусун 8 жылдан 9,5 жылга чейинки мөөнөттөргө эркинен ажыратты. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигине караштуу Тергөө департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, былтыр жайында «Каракутан» шахтасында иштеген жумушчулар курамында алтын бар 9930 килограмм руданы мыйзамсыз казып, чыгарып кетишкен.

Анда жалпы баасы 438 039 729 сумду (46 миң долларга жакын) түзгөн 1176,96 грамм алтын жана 1210,52 грамм күмүш болгон.

Пикир

Оставить комментарий