• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Самаркандда Каримовдун сүрөтү түшүрүлгөн сувенир саткандарга айып пул салынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.05.18. /Кабар/. Самаркандда 20-майдагы атайын рейд маалында Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун сүрөтү түшүрүлгөн түрдүү сувенирлерди, анын ичинде магниттер менен календарларды саткан ишкерлер кармалды.

Маалыматка караганда, мындай буюмдар сатылган 12 дүкөндүн ээсине айып пул салынып, товарлары конфискацияланган.

Самарканддык блогер Ташпулат Рахматуллаевдин айтымында, колдо жасалган бул сыяктуу сувенирлердин көбүнүн сапаты начар. «Сүрөттөр орфографиялык каталары бар маанисиз фразалар менен коштолгон. Мен Каримовдун андай сүрөттөрүнүн бирин тартып алгам. Андагы бир сүйлөмдө эле он эки ката бар», - деди ал.

Жергиликтүү журналист Каримберди Турамурод айрым соодагерлер Ислам Каримовдун сөөгү коюлган жерди дагы киреше булагы кылып алганын билдирди. Анын айтымында, алар эч кандай мааниси жок сувенирлерди ыйык жерлерден алып келинген деп алдап, кымбат сатышат.

Самаркандда Каримовдун сүрөттөрү түшүрүлгөн колго жасалган буюмдарды сатуу менен алектенген соодегерлердин бири бул бизнестин аркасы менен үй-бүлөсүн багып жатканын айтты. «Мен ушулардын аркасы менен кечинде үйгө эки нан көтөрүп барам. Мен үчүн бул киреше булагы болуп калды», — деди ал.

Пикир

Оставить комментарий