• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Самаркандда үлпөт тойдон кийин жети адам тамакка ууланды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.09.19. /Кабар/. 16-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында жети адам тамак-аштан ууланып ооруканага кайрылды.

«16-сентябрда эки сааттын ичинде шаардын ар кайсыл бөлүгүндө жашаган жети тургун облустук ооруканага кайрылды. Алардын бардыгынын оору белгилери окшош болгон», — деп билдирди облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Кийинчерээк ооруканага кайрылгандардын бардыгы тең 14-сентябрда шаардагы «Мўжиза» ресторанында өткөн үлпөт тойдо мейман болгону аныкталган. Алар арткан тамак-ашты үйлөрүнө алып кетип, эртеси жеген.

Пикир

Оставить комментарий