• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Самаркандда Жапаров менен Рахмон чек арадагы кырдаалды талкуулашты

Президент 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Самарканд шаарында (Өзбекстан) өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун Саммитинин аянтчасында жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптар мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды талкуулашты.

Эки өлкөнүн лидерлери тийиштүү түзүмдөргө ок атышууну токтотуу жана ок атышуу линиясынан куралдуу күчтөрдү жана каражаттарды чыгаруу боюнча тапшырма берүүнү макулдашты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана ТР мамлекеттик коопсуздук министри Саймумин Ятимов жеринде иштеп, окуянын жагдайларын жана себептерин иликтөө үчүн комиссия түзүлөт.

Ошондой эле, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин тездетүү боюнча макулдашуу жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий