• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Самарканддагы көп кабаттуу үйлөргө көзөмөл камералардын ордуна муляждар орнотулган

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 06.02.19 /Кабар/. Самарканд шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө орнотулган видеокөзөмөл камералардын көбү кадимки эле муляждар. Бул тууралуу жергиликтүү «Эл үнү» гезити жазып чыкты.

Басылманын билдиришинче, эки жыл мурда Самарканд бийлиги кылмыштын санын азайтуу максатында шаардагы көп кабаттуу үйлөргө видеокөзөмөл камераларын орнотууну демилгелеген.

Жергиликтүү бийлик турак-жай ээлерине видеокамераларды орнотуу үчүн насыяларды алууга жардам берген. Бул иштердин жыйынтыгында 1 200дөн ашык көп кабаттуу үйдө камералар пайда болгон.

Гезиттин маалыматына караганда, шаардагы «Семург», «Зульфия», «Токзор», «Истиклол» сыяктуу бир катар райондордо көзөмөл системалары иштебейт.

«Ал жерлерге эң арзан жана сапатсыз жабдуулар орнотулуп, тез эле жарактан чыгып калган. Учурда аларды калыбына келтирүү боюнча эч кандай чаралар көрүлгөн жок. Формалдуу түрдө калаа бийлигинин буйругу аткарылган, бирок иш жүзүндө кадимки эле көз боёмочулук болду», — деп жазды басылма.

Пикир

Оставить комментарий