• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Самарканддагы жапырт уулануунун себептери айтылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги Самарканддагы жапырт уулануу боюнча расмий билдирүү жасады. 22-октябрда шаарда тамакка ууланган 17 киши ооруканага жаткырылган.

Мекеменин маалыматына караганда, тергөөнүн жыйынтыгында бейтаптар шаарда мыйзамсыз иштеп жаткан тез татым жайларынын бириндеги ход-догго ууланганы аныкталды.

Белгиленгендей, ал тамактануу жайы каттоосуз жана медициналык көзөмөлдөн өтпөстөн иш жүргүзүп жаткан.

Текшерүүлөрдөн кийин ишкердин санитардык жана гигиеналык талаптарга жооп бербеген бизнеси жабылды.

Пикир

Оставить комментарий