• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Самарканддык аял АКШнын кепилдик компанияларынан $150 миллион уурдоого айыпталууда

Дүйнө 0

Бишкек, 12.12.17./Кабар/. Нью-Йоркто саламаттыкты сактоо тармагында 150 миллион чыгымга алып келген ири көз боёмочулук схема белгилүү болду. Америка соту бул боюнча өткөн аптада самарканддык Кристина Мирбабаева, анын күйөөсү Александр Копенкин жана энеси Ирина Федоровага расмий түрдө айып такты.

Үчөөнүн колдоруна кишен тагылып, Бруклиндеги кымбат пентхаустан алып кетишти. Алар АКШнын мамлекеттик кепилдик компанияларынан 146 миллион доллар уурдаган деп айыпталышууда.

35 жаштагы Мирбабаеванын жетекчилиги алдындагы кылмыштуу топ 20 кишиден жана 14 корпорациядан туруп, өз ишин 2015-жылдын январь айынан тарта быйыл ноябрга чейин жүргүзгөн. Анын курамында төрт дарыгер, Нью-Йорк полиция департаментинин 61 жаштагы кардиологу болгон.

Кылмыштуу топтун мүчөлөрү Medicaid же Medicare кепилдик картасы бар аз камсыз болгон бруклиндиктерге 40 доллардан төлөшүп, тааныш клиникаларына алып барып турушкан.

Клиникалардан бейтаптардын кепилдик карталарынын номерлерин жазып алышып, аларды керексиз процедуралардан өткөрүшүп, андан соң медициналык кызмат үчүн кепилдик карталарындагы номурларды бир нече жолу пайдаланышкан. Бейтаптардан алынган жалган анализдерди чечмелөө үчүн клиниканын дарыгерлери 50 доллардан алып турушкан. Дарыгерлердин бири – Роберт Ваккарино эки жылга жетпеген убакыт аралыгында 1 миллион 400 доллар киреше тапкан.

“Ачкөздүккө алдырган бул адамдар негизинен Chanel сумкасын сатып алуу үчүн калктын аярлуу катмарына аңчылык кылышкан”, деди – Бруклин прокурору Эрик Гонсалес. Прокуратуранын маалыматы боюнча Мирбабаеванын ар бир сумкасынын наркы эле 6,5 миң доллар, бир бөтөлкө вискиси – 6 миң доллар турат. Теги самарканддык аял 3,25 миллион долларга бааланган пентхауста жашаган.

Кылмыштуу топтун жетекчисинин үйүнөн баалуу зер буюмдар, 700 миң доллар нак акча табылган. Бруклин прокуратурасы бул топко таандык 130дан ашуун банк эсебин тоңдурган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий