• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Самаркандекте милиция кызматкерлери мал уурулукту алдын алуу боюнча рейд өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. Баткен облусунун Самаркандек айылындагы К.Шадыбеков атындагы айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери жашоочуларга мал уурулукту алдын алуу боюнча рейд уюштурду.

Самаркандек айыл аймагында мал уурулук боюнча үч факты катталып, экөөсүнүн бети ачылып, уурдалган малдар өз ээлерине тапшырылып берилген.

“Тажикстандын Исфара районунун Чорку, Сур, Шороб айылдары менен чектеш болгондуктан мал уурулуктун бетин ачылышы бир топ кыйынчылык туудурууда. Ошондуктан, милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга мал сарайларга түн ичинде кулпу салууну, жарыктандырууну, жайытта же болбосо талаага малды кароосуз калтырбоону эскертип, эскертүү актыларын тапшырууда”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий