• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Самат Курманкуловду Москвага алып кетишти

Коом 0

Бишкек, 12.08.19. /Кабар/. Бүгүн, 12-август Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловду Москвага алып кетишти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен белгилешкендей, кечээ, 11-август күнү Москвадан келген адистер – Н.Н. Бурденко атындагы Нейрохирургия борборунун нейрореаниматологу, медицина илимдеринин доктору Александр Полупан жана ошол эле борбордун нейрохирургу Ярослав Латышевдин катышуусу менен өткөрүлгөн дарыгерлердин кеңешмесинде Самат Курманкуловду Москвадагы аталган борборго которуу чечими кабыл алынган.

Бүгүн Курманкуловду Москвага алып кетишкен. Аны алып кетүү үчүн Москвадагы Нейрохирургия борборунан атайын топ келген. Курманкуловду анын жубайы жана саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев коштоп кеткен.

Министрликтен билдиришкендей, Курманкуловдун абалы оор, бирок туруктуу. Ал жасалма дем алдырууда жатат.

"Саламаттык сактоо министрлиги жана дарыгерлер Самат Курманкуловду сактап калуу үчүн бүт аракетте көрүштү. Онлайн кеңешме жана москвалык кесиптештердин келип, Курманкуловду кароосунан кийин аны дарылоо үчүн Москвага, Н.Н. Бурденко атындагы Нейрохирургия борборуна которууну чечтик. Саламаттык сактоо министрлиги анын дарылануусун көзөмөлгө алат", - деген Каратаев.

Эскерте кетсек, өткөн аптада мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, 60тан ашык киши ар кандай жаракат алган.

Аны менен катар Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов башынан жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий