• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Самат Курманкуловдун абалы канааттандырарлык – Саламаттык сактоо министрлиги

Коом 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу "Кабар агенттигине" саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, Курманкуловдун Москвадагы дарылануусу жана реабилитациясы белгиленген тартип боюнча өтүп жатат.

"Ал сүйлөп, басып жатат. Кыргызстанга качан келери белгисиз. Балким, жакын арада Саламаттык сактоо министрлигинин адистери ага барып, анын дарылануусу жана анын абалы менен таанышып чыгышат", - деди ал.

Белгилей кетсек, Курманкулов 2019-жылдын 7-август күнү Кой-Ташта болгон окуя маалында башынан жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий