• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Самат Курманкуловдун абалы жакшырууда – Саламаттык сактоо министрлиги

Коом 0

Бишкек 17.01.20. /Кабар/. Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловдун саламаттыгы жакшырууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

"Ал өз алдынча тамак ичүүдө. Толук кандуу калыбына келиши үчүн дарылануу болжол менен 2020-жылдын март айынын аягына чейин улантылат", - деп билдиришти министрликтен.

Министрликтен белгилешкендей, Курманкуловдун дарылануусу үчүн КР өкмөтүнүн резервдик фондунан 1 млн 462 миң 691 сом жана өкмөттүн буйругу менен кошумча Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу 4 млн 798 миң 520 сом бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, Курманкулов 2019-жылдын 7-август күнү Кой-Ташта болгон окуя маалында башынан жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий