• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Самат Курманкуловдун дарылануусуна кеткен баардык чыгымды мамлекет төлөп берет - Каратаев

Коом 0

Бишкек, 16.08.19. /Кабар/. Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусуна кеткен баардык чыгымды мамлекет төлөп берет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Белгилей кетсек, Курманкуловду 12-август күнү Москвадагы Н.Н. Бурденко атындагы Нейрохирургия борборуна алып кетишкен. Ал жерден аны профессор Александр Потапов карап чыккан.

"Самат Курманкуловго кошумча текшерүү жана анализдер дайындалган. Андан кийин аны дарылоо жолу каралып чыгат. Учурда анын абалы туруктуу оор бойдон калууда. Самат Курманкуловдун дарылануусуна кеткен баардык чыгымды мамлекет төлөп берет. Жакын арада жакшы болуп кетет деп үмүт кылабыз. Анын дарылануусу Саламаттык сактоо министрлигинин көзөмөлүндө турат", - деди Каратаев.

Пикир

Оставить комментарий