• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Самат Курманкуловдун саламаттыгында оң жылыштар бар – министрлик

Ден соолук 0

Бишкек, 13.09.19. /Кабар/. Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкуловдун саламаттыгында оң жылыштар бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 12-сентябрь күнү бейтап Бурденко атындагы нейрохирургия борборунан Москвадагы реабилитациялык борборго которулган.

“Курманкуловдун саламаттыгы жакшырууда, бирок, толук калыбына келиши үчүн убакыт талап кылынат”, - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Самат Курманкулов Кой-Таш айылында мурунку президент А.Атамбаевдин үйүндө жүргүзүлгөн атайын операция учурунда болгон ызы-чуудан кийин №4 шаардык ооруканага жеткирилген.

Курманкулов ооруканага жабык баш мээ жаракаты, баш мээнин чайкалышы деген диагноз менен келип түшкөн. С. Курманкуловго эки ирет операция жасалгандан соң, Москвага алып кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий