• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Самат Курманкуловго милициянын генерал-майору погону тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 09.06.21./Кабар/. Бүгүн, 9-июнда, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана ички иштер министри Улан Ниязбеков Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловдун үйүнө барып, үй-бүлөсү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирет.

Марат Иманкулов Самат Курманкуловдун ден соолугун сурап, тезирээк сакайып, кызматына кайтып келүүсүн тиледи.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын белгилешинче, Самат Курманкулов сыяктуу кызматкерлер берген антына туруп, кызматтык милдеттерин аткарууга жана коюлган тапшырманы чечүүгө ар дайым жоопкерчилик менен мамиле кылышат. Анын айтымында, дал ушундай офицерлер укук коргоо органдарынын жаш кызматкерлерине татыктуу өрнөк болуп, офицерлердин арасындагы өзгөчөлөнүп турат.

Жолугушуунун соңунда Коопсуздук кеңешинин катчысы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан Самат Курманкуловго милициянын генерал-майору погонун тапшырды.

Эске салсак, Президенттин 2021-жылдын 5-мартындагы Жарлыгы менен Чүй облусунун ИИББ башчысы Самат Курманкуловго «милициянын генерал-майору» жогорку атайын чини берилген.

Пикир

Оставить комментарий