"Самрук-Казына" Кыргызстандагы бир нече долбоорго кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 10.07.19. /Кабар/. Казакстандын "Самрук-Казына" улуттук фонду" Кыргызстандагы бир нече долбоорго кызыкдар. Бул тууралуу маалымат жыйында Евразиялык өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Андрей Бельянинов билдирди.

Анын айтымында, сөз энергетика жана алтын казып алуу тууралуу болууда.

"Жакында эле "Самрук-Казынанын" жетекчилиги менен жолуктум. Алардын Кыргызстан боюнча планы бар экенин билем. Биз алардын интеграция боюнча аракеттерин колдоого даярбыз", - деди ал.

Бирок ал так долбоорлорду атаган жок.

Белгилей кетсек, Казакстандын өкмөтү "Самрук-Казына" фондунун жалгыз акционери болуп келет. Анын активдери ондогон миллиард долларды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий